27.06.2019 18:13

Депутат: Экс-президенттин укуктары корголбогон өлкөдө жөнөкөй калктын укугу такыр корголбойт

Депутат: Экс-президенттин укуктары корголбогон өлкөдө жөнөкөй калктын укугу такыр корголбойт

Экс-президенттин укуктары корголбогон мамлекетте жөнөкөй жарандардын укугу такыр корголбойт. Бул туурасында бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыратуу маселесин кароо учурунда депутат Мурадыл Мадеминов билдирди. 

Эл өкүлү баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу корутундусун уккандан кийин ага кайрылды.

«Өлкө-коркунучта» деген сөз бар. Мен сиздин докладыңыздан кийин мамлекет демократия жолунан толугу менен чыгып баратканын түшүндүм. Экс-президенттин Конституцияда жазылган укуктарына карабастан, анын талкаланып жаткан мамлекетке салган эбегейсиз эмгегин эсепке албастан ушунча айып койгондон кийин бул мамлекетте жөнөкөй калктын укугу такыр эле корголбосун түшүндүм. Менин айтаарым, убакыт өтөт, парламент алмашат, президент алмашат,  жаңы келген парламент, президент бул темага кайра кайрылат», -деди депутат. 

Бүгүн Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыратты. Добуш берүү ачык өтүп, ага бардыгы 110 депутат катышты. Экс-президентти макамынан ажыратуу сунушун 103 депутат колдоп, 6 эл өкүлү каршы чыкты, бирөө добуш берүүдөн карманды.